> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик карызы 0.1%га кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/15/zhyl-bashynan-beri-kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-0-1-ga-kyskardy/
- Published: 2021-06-15T16:37:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 4 млрд 933 млн долларды (418 млрд 323 млн сом) түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

> 2020-жылдын 31-декабрына карата 4 млрд 928 млн доллар болсо, жыл башына салыштырмалуу мамлекеттик карыз **5 млн долларга же 0.1% га азайган.**

Экономика министрлигинин берген маалыматына ылайык, карыздын эң чоң үлүшүн өлкөнүн **4 млрд 183 млн долларлык тышкы карызы** түзөт, ал жалпы мамлекеттик карыздын 84.8%ын камтыйт. Мамлекеттин **ички карызы – 750 млн доллар** (15.2%).