> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дос-Кредобанк» өзүнүн уставдык капиталын 194 млн сомго көбөйтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/16/dos-kredobank-z-n-n-ustavdyk-kapitalyn-194-mln-somgo-k-b-jt-t/
- Published: 2021-06-16T11:02:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дос-Кредобанк» ААКнын акционерлери 2018-2019 жана 2020-жылдарда түшкөн пайданы 194 млн сом өлчөмүндө бөлүштүрбөй, аны банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшоону чечишти.**

Мындай чечим 7-июнда болуп өткөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынгандыгын Кыргыз фондулук биржасынын сайты маалымдады.

> Уставдык капиталды көбөйтүү жөнөкөй катталган акцияларды кошумча чыгаруунун эсебинен жүрөт. Акцияларды жайгаштыруу жабык негизде жүргүзүлөт жана акцияларды «Дос-Кредобанктын» акционерлери гана сатып ала алышат.