> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр энергиясы боюнча тарифтик саясат талкууга коюлду – энергетика тармагы кризисте
- URL: https://im.kg/all/2021/06/16/elektr-energiyasyna-orto-m-n-tt-tariftik-sayasat-talkuuga-kojuldu/
- Published: 2021-06-16T12:19:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:17:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтом долбоору өкмөттүн [сайтында ](https://www.gov.kg/ky/npa/s/3141)коомдук талкууга коюлду. Орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (ОМТС) өлкөнүн энергетикалык тармагынын финансылык туруктуулугун камсыздоого жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууну туруктуу камсыз кылууга багытталган.**

> Божомолдонгон маалыматтарга ылайык, 2021-жылга электр **энергиясынын тартыштыгы 3 млрд кВтске** чейинки көлөмдө болушу күтүлүүдө. Буга суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин төмөндөөсүнө алып келген кургакчыл мезгилдин кезектеги цикли, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн ар жылдык өсүшү себеп болууда.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча [энергетикалык сектордогу кредиттер 129 млрд сомдон ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/07/energetika-tarmagyndagy-apaat-zhabduulardyn-70-eskirdi-zhana-milliarddagan-karyzdar-turat/)ашык сумманы түзөт, бул тарифтик тартыштык учурунда тармак үчүн оор жүк болуп эсептелет.

> **Коомдук талкууга коюлуп жаткан токтомдо** **калк үчүн төмөндөгүдөй тарифтер белгиленген.**

2021-жылы, күзгү-кышкы мезгилдерден башка, 2020-жылга калк үчүн орточо коюлган тарифтин көлөмүндө түзүлгөн 1 кВтска 109.5 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча жүргүзүлөт.

 2022-жылдан тартып, ОМТС аркылуу 2023-жылы электр энергиясынын наркы 1 кВтс үчүн 148 тыйын өлчөмүнө (2020-жыл үчүн 1 кВтс электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы) жетүү үчүн тарифти ар жыл сайын жогорулатуу болжолдонуп жатат.

2024-жылдан баштап, калк үчүн тариф өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде түзөтүлүп турат.

Күз-кыш мезгилинде, тиричиликтик керектөөчү (калк) электр энергиясын керектөөнүн ар айлык нормасынан, б. а. **1000 кВтстан** жогору өлчөмдө ашырып, пайдаланган учурда ашыкча керектелген көлөм үчүн төлөө **1 кВтс үчүн 252 тыйын** тарифи боюнча жүргүзүлөт (бийик тоолуу райондордо жана алыскы жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн башкасы).

**Насостук станциялар**

Калкты таза суу менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыздоочу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф **109.5 тыйын/кВтс** өлчөмүндө (салыктарды эсепке албастан) тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн тарифтин деңгээлинде белгиленет. Бул тариф тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тарифтин өсүүсүнүн темпине ылайык ар жыл сайын жогорулатылып турат.

**Электрдик транспорт**

Керектөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн тиешелүү тариф **1 кВтс үчүн 168 тыйынды** (салыктарды эсепке албаганда) түзөт. Ушул ОМТСте аталган тарифти электрмобилдерди дүрмөттөө боюнча коомдук станциялар үчүн да колдонуу каралууда.

**Социалдык стационардык мекемелер**

Менчиктин түрүнө карабастан, 2021-жылы тиешелүү тариф **1 кВтс үчүн 168 тыйынды** (салыктарды эсепке албаганда) түзөт.

**Диний уюмдар**

Бул ОМТСта өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүү киргизүү менен **1 кВтс үчүн 168 тыйындын** (салыктарды эсепке албаганда) деңгээлинде тариф белгиленет.

**Өнөр жай жана айыл чарба**

Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) үчүн керектелген электр энергиясына төлөм **1 кВтс үчүн 252 тыйын** өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.

**Майнинг (криптовалюта) субъекттери, а** **лтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), куючу, эритүүчү цехтер, цемент заводдору, алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар**

Ишканалардын энергияны көп көлөмдө талап кылуусу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун зарылдыгы эске алынып, электр энергиясына тариф үчүн **2.0** жогорулатылган коэффициентине түзөтүү киргизилүү менен белгиленет. 

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 27-мартындагы №188 токтому менен КРнын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилген. Көрсөтүлгөн тарифтик саясат 2022-жылга чейин тарифтерди белгилеген эле. Бирок 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринен өткөндөн кийин Кыргызстандын энергетикасында кырдаал начарлаган.