> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт бир катар кирешесиз мамлекеттик ишканаларды сатууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2021/06/16/km-t-bir-katar-kireshesiz-mamlekettik-ishkanalardy-satuunu-k-zd-d/
- Published: 2021-06-16T10:52:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өкмөт бир катар натыйжасыз иштеген мамлекеттик ишканаларды аукционго коюуну көздөөдө. Бул тууралуу Улукбек Марипов мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.**

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү принциптерди жана артыкчылыктарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыгууда.

«Мамлекеттик ишканалардын негизги максаты – киреше алуу жана республикалык бюджетти толтуруу болуп эсептелет. Бирок иш жүзүндө көрүнүп тургандай, мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү чыгашалуу болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы абалга **кеңири талдоо жүргүзүү керек**», – деди Улукбек Марипов 

> «Жогорудагы талдоо даяр болоор замат, кайсы ишкана өлкө экономикасы үчүн натыйжасыз экендиги белгилүү болот, алар **аукционго коюлушу керек**, ошол эле учурда мүлктү сатуу процесси ачык-айкын болушу кажет», – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.