> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Korea Telecom ишканасын КРда долбоорлорду ишке ашырууга чакырышты – бул компания дүйнөдө биринчилерден болуп 5G тармагын ишке киргизген
- URL: https://im.kg/all/2021/06/16/korea-telecom-ishkanasyn-krda-dolboorlordu-ishke-ashyruuga-chakyryshty-bul-kompaniya-d-jn-d-birinchilerden-bolup-5g-tarmagyn-ishke-kirgizgen/
- Published: 2021-06-16T11:29:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:10:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**14-июнь күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова вице-президент Мун Сонг Ук башында турган KT (мурдагы Korea Telecom) глобалдык бизнес тобунун делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.**

Жолугушуунун жүрүшүндө **KT** компаниясынын өкүлдөрү корпорациянын ишмердүүлүгү жөнүндө презентация жасашты, ошондой эле **KT** дүйнөдө коммерциялык бешинчи муундагы **(5G)** зымсыз тармакты биринчи жолу ишке киргизген компаниялардан экендигин маалымдашты. 

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/b2796e50-69d0-3317-807b-041906156d3a-1024x768.jpeg)

Элчи жана КТ делегациясынын башчысы **маалыматтык-коммуникациялык технологиялар** (МКТ), **каржы** (анын ичинде Интернет-банкинг), **саламаттыкты сактоо, меймандостук, энергетика,** **медиа-контент** жана **«Акылдуу шаар»** тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 

**Маалымдама** 

**KT (мурдагы Korea Telecom)** – Түштүк Кореядагы интегралдык зымдуу жана зымсыз телекоммуникация кызматтарынын ири провайдери болуп саналат. КТ маалыматтык технологиялар, меймандостук, интернет-банкинг, медиа-контент, каржы жана башка чөйрөлөрдө иштейт. Корпорациянын курамына 41 туунду компания кирет. 

> КТ компаниясынын дүйнөнүн 17 өлкөсүндө кеңселери бар жана 28 ар кандай эл аралык долбоорлорду ишке ашырат. Кызматкерлердин жалпы саны 58 миң адамдан ашат.