> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/16/migranttardyn-orusiyada-myjzamduu-zh-r-m-n-t-30-sentyabrga-chejin-uzartyldy/
- Published: 2021-06-16T14:26:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясынын айынан чет элдиктерди Россия Федерациясынан чыгарууга мораторийди узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду, бул айрыкча эмгек мигранттарына тиешелүү.**

> Пандемия учурунда Россияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктаган чет элдик жарандар 30-сентябрга чейин чыгарылбайт. Ал убакка чейин алар укуктук статусун жөнгө салуу жөнүндө арыз менен полицияга кайрыла алышаарын же Россиядан эркин чыгып кете алышаарын[ Meduza ](http://localhost/info-portal/novosti/2021/06/15/srok-legalnogo-prebyvaniya-v-rossii-dlya-migrantov-prodlen-do-30-sentyabrya/)басылмасы маалымдады.

Эскерте кетсек, аталган жарлык укук бузган же түрмөдөн чыккан чет өлкөлүктөргө тиешеси жок.