> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана грант берет
- URL: https://im.kg/all/2021/06/17/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstanga-17-mln-dollar-k-l-m-nd-zhe-ildetilgen-nasyya-zhana-grant-beret/
- Published: 2021-06-17T14:43:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:36:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирет.**

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына караганда, Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы (ЭӨА) **8.5 млн доллар** көлөмүндө **жеӊилдетилген насыя** жана **8.5 млн доллар** өлчөмүндө **гранттык каражат** бөлөт. Насыя каражаты **38 жыл** мөөнөткө **0.75** үстөк пайызы менен берилет. Алынган каражаттын 14 млн доллары түздөн-түз **жергиликтүү долбоорлорду каржылоого** жумшалат.

> Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, каражат негизинен элет жергесин өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, ошондой эле COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу чараларын көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордун негизги аткаруучусу болуп саналат.

Белгилей кетсек, каралып жаткан долбоор **Чүй, Ысык-Көл, Нарын**, **Талас** облустарынын **222 айыл** аймагынын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Ушул сындуу дагы эки долбоор бар, аларда башка аймактар камтылмакчы.