> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттардын санын 90 адамга кыскартуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты
- URL: https://im.kg/all/2021/06/17/deputattardyn-sanyn-90-adamga-kyskartuu-bojuncha-myjzam-dolbooru-ishtelip-chykty/
- Published: 2021-06-17T13:23:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук парламенттин депутаттарынын санын 120 адамдан 90 адамга чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. «КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип,[ коомдук талкууга](http://kenesh.kg/ky/article/show/8170/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-16-iyunya-2021-goda-vinositsya-proekt-konstitutsionnogo-zakona-o-reglamente-zhogorku-kenesha-kr) коюлду.**

Негиздөө маалымдамада айтылгандай, Мыйзам долбоору менен ЖК **90 депутаттан турат** жана депутаттык **мандат чакыртылып алынган** учурда ЖК тарабынан кароо тартиби, **Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү**, мыйзамдарды кабыл алуу, мыйзамдарга расмий чечмелөө берүү тартибин белгилеген жоболор сунуш кылган.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда регламенттин айрым ченемдерин «учурдун талабына ылайык келтирүү», парламенттин жол-жоболорун өркүндөтүү, колдонуудагы тажрыйбаны эске алуу менен жана ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзамдар менен чечимдердин сапатын жогорулатуу каралган.

Жаңы түзөтүүлөр, негиздеме маалымдамасында белгиленгендей, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган КРнын Конституциясына киргизилүүдө.