> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эпидемиялык абалдын начарлашына байланыштуу кафе-ресторандар 23:00гө чейин гана иштейт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/17/epidemiyalyk-abaldyn-nacharlashyna-bajlanyshtuu-kafe-restorandar-23-00g-chejin-gana-ishtejt/
- Published: 2021-06-17T10:15:17.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:13:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу көңүл ачуучу жайлардын иштөө убактысын саат 23:00гө чейин чектөө чечими кабыл алынды. Чектөөлөр бүгүн 17-июнда күчүнө кирет.**

Мындай чечим кечээ, 16-июнда шаардык эпидемияга каршы комиссиясынын отурумунда кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

> Эми түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлары, кафелер, караоке жана барлар (анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунда жайгашкан) **7:00дөн 23:00гө чейин гана** иштеши керек.

Чектөөлөр **тамак-аш жеткирүү** кызматын көрсөтүү жана **азык-түлүк сатуу** тармагында иштегендерге тиешеси жок.

> Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин аталган чектөөлөр күчүндө кала бермекчи.