> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы көйгөй – бир жумада эле малдын чөбү 1.5 эсеге кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/06/17/zha-y-k-jg-j-bir-zhumada-ele-maldyn-ch-b-1-5-esege-kymbattady/
- Published: 2021-06-17T10:37:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бир жуманын ичинде эле Кыргызстанда малдын чөбүнүн баасы кескин көтөрүлдү. Эң олуттуу өсүш Чүй облусунда байкалды, анда 7-июндан 14-июнга чейин бир таңгак чөп 1.6 эсеге (+90 сом), тагыраак айтканда, 160 сомдон 250 сомго чейин кымбаттаган. Мындай маалыматты Мамлекеттик монополияга каршы агенттик билдирди.**

Жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, **Чүй облусундагы** базарда иштегендердин айтымында, чөптүн орточо баасы – 250 сомду түзөт жана сатуу негизинен облуста өз муктаждыктары үчүн жүргүзүлөт.

> Чөпкө болгон баанын өсүшү боюнча Чүй облусу алдыга чыкты. Мал багуучулардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн көпчүлүгү ушул аймакта топтолгондуктан, өсүш дароо 56%га көтөрүлгөн. Башка региондордо да чөптүн кымбатчылыгы байкалган, алсак: Таласта – 30%га, Баткенде – 22%га, Ысык-Көлдө – 14%га, Жалал-Абад облусунда – 11%га жана Ош шаарында – 10%га өскөн.

**Ысык-Көл облусунда** чөп негизинен Чүй облусуна ташылып, талаадан алынган баа 180-200 сом болсо, базарларда 240 сомдон сатылат.

**Талас аймагынан** чыккан чөп болсо, дыйкандардан талаадан сатып алынып, Казакстанга жөнөтүлөт. Казакстандагы кургакчылыктан улам чөптүн түшүмү начар болгондуктан, ушундай жапырт сатып алуу башталган. Базарларда чөптүн баасы – 215 сомду түзгөн.

**Ош облусунда** талаадан 240-250 сомдон сатылса, базардагы баа – 275 сомду түзөт.

**Жалал-Абад** облусунда базардагы орточо баа – 250 сом.

**Баткен** облусунда орточо баа – 275 сомду түзөт.