> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кантта дыйкандардын митингине жергиликтүү бийлик көңүл бурган жок
- URL: https://im.kg/all/2021/06/18/kantta-dyjkandardyn-mitingine-zhergilikt-bijlik-k-l-burgan-zhok/
- Published: 2021-06-18T09:29:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 17-июнда Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук администрациясынын имаратынын жанындагы нааразычылык акциясына чогулган дыйкандардын митингин Канттын жергиликтүү бийлиги назарга алган жок.**

Дыйкандар жергиликтүү бийлик менен жолугуша алышкан жок. Бул тууралуу [24.kg](https://24.kg/obschestvo/198045%5Fmiting%5Ffermerov%5Fvkante%5Fvopros%5Fspolivom%5Fpoley%5Ftak%5Finereshilsya/) агенттиги митингчилердин бирине шилтеме берүү менен билдирди.

> «Бизден алгач администрациянын ичине киришибиз үчүн **медициналык маскаларды** сатып алууну суранышты. Маска сатып алып келгенче, район башчысы **иш жеринде жок болуп чыкты**, жаназага кетти деп айтышты. Биз менен жолугушууга биздин айылдык кеңештин башчысы гана келди. Биздин маселе дүйшөмбүдө чечилет деп убада кылышты», – деди Мухтарбек Мантаев 24.kg маалымат агенттигине.

Басылма Кантта Ак-Кудук айылдык кеңешинин 50гө жакын дыйкандары бүгүн Ысык-Ата обладминистрациясынын имаратынын алдындагы нааразычылык акциясына катышкандыгын маалымдайт. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Мамлекеттик суу чарба агенттигинин жетекчилиги менен жолугушууну көздөшкөн.

> Алардын айтымында, **эгин талааларын сугаруу үчүн суу келе элек.** Убагында суу берилбесе, **эгин куурап калышы** ыктымал.