> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КММ кымбаттап жатат – Кыргызстан бензиндин арзан баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 позицияга төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/18/kmm-kymbattap-zhatat-kyrgyzstan-benzindin-arzan-baasy-bojuncha-d-jn-l-k-rejtingde-9-poziciyaga-t-m-nd-d/
- Published: 2021-06-18T16:01:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:35:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**176 өлкөдөгү күйүүчү майга болгон бааны [Global Petrol Articles ](https://ru.globalpetrolprices.com/gasoline%5Fprices/)аналитикалык ресурсу байкап турат. Алардын 14-июндагы маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 1 литр бензиндин орточо баасы 1.18 долларды түзөт.**

Рейтингге ылайык, эң арзан бензин Венесуэлада – ал 0.02 доллар, ал эми эң кымбаты Гонконгдо – 2.505 доллар турат.

> Жыл башында Кыргызстан рейтингде 11-орунду ээлесе, март айындагы рейтингде **15-орунга түшүп** кеткен. 14-июнга карата жаңыланган маалыматтар боюнча, Кыргызстан **24-орунга** түштү.

Коңшулардын арасында Казакстан менен Түркмөнстан тизмеде алдыңкы орунда турат. Россия болсо 26-орунда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы өсүп жатат. Жыл башында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 35 сом, дизелдик отун 35.6 сом, ал эми суюлтулган газ 20.5 сомду түзгөн.

> 18-июнга карата, борбор калаадагы май куюучу жайларда АИ-92 бензининин орточо баасы 51 сомго чейин көтөрүлдү. Май куюучу жайларда дизелдик отундун орточо баасы 46.45 сом, суюлтулган газ 26.15 сомдун тегерегинде болууда.