> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коммерциялык эмес уюмдарды финансы боюнча отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/18/kommerciyalyk-emes-ujumdardyn-finansy-bojuncha-otchet-ber-g-mildettendirgen-myjzam-dolbooru-zhaktyryldy/
- Published: 2021-06-18T09:46:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:34:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 17-июнда коммерциялык эмес уюмдарды өз каржылары жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты.**

«Мыйзам долбооруна ылайык, акысыз негизде берилген каражаттардын эсебинен иштеген коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын финансылык ресурстардын пайда болуу булактары жана аларды кантип сарптагандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү», – деп маалымдайт [Kaktus.media.](https://kaktus.media/doc/440790%5Fdepytaty%5Fpodderjali%5Fzakon%5Fobiazyvaushiy%5Fnko%5Fotchityvatsia%5Fo%5Fsvoih%5Ffinansah.html)

> Долбоордо коммерциялык эмес уюмдардын кирешесинин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле анын мүлкү коммерциялык сыр боло албай турган эреже каралган.

Долбоордун демилгечилери – Бакытбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана Аида Исмаилова.