> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз – Өзбек Өнүктүрүү Фонду түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/18/kyrgyz-zbek-n-kt-r-fondu-t-z-l-t/
- Published: 2021-06-18T11:46:40.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек Өнүктүрүү Фондун (КӨӨФ) түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырышты.**

Бул келишимге 2021-жылы 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган. Келишимдин негизинде КӨӨФ эл аралык укук жөндөмүнө ээ болот жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот.

> Өзбек тараптын фонддун уставдык капиталына салымы **50 млн долларды** түзөт жана аны келечекте **200 млн долларга чейин** көбөйтүү каралат.

КӨӨФ Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актай ала турган төмөндөгү долбоорлорду каржылайт:

- агроөнөр жай комплекси
- тигүү жана текстиль өнөр жайы
- өндүрүш тармагы
- тоо-кен жана металлургия өнөр жайы
- транспорт
- турак жай курулушу
- соода
- энергетикалык комплекс
- инфраструктураны өнүктүрүү
- туризм