> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга Sputnik V вакцинасынын 80 миң дозасы келди
- URL: https://im.kg/all/2021/06/18/kyrgyzstanga-sputnik-v-vakcinasynyn-80-mi-dozasy-keldi/
- Published: 2021-06-18T16:24:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 17-июнда Кыргызстан 40 миң адамды эмдөө үчүн 80 миң дозада Россиянын «Гам-КОВИД-Вац» (Спутник V) вакцинасынын экинчи партиясын алды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.**

25 миң доза вакцина Бишкектеги эмдөө борборлоруна таратылат, калгандары жакынкы мезгилде өлкөнүн аймактарына жөнөтүлөт.

> Жалпы вакциналарды сатып алууга республикалык бюджеттен жалпы суммасы 70 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. «Гам-КОВИД-Вац» вакцинасы (Sputnik V) **65 жаштан** өткөн адамдарга жана **өнөкөт оорулары** барларга берилет.