> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азия Өнүктүрүү Банкы «Кепилдик Фондуна» 80 млн доллар берет
- URL: https://im.kg/all/2021/06/21/a-b-kepildik-fonduna-80-mln-dollar-beret/
- Published: 2021-06-21T14:26:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 80 млн доллар бөлөт. Бүгүн, 21-июнда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети кредит жана гранттык келишимдердин долбоорун жактырды. Документтер бекитүүгө берилгенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.**

Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, бул каражаттардын ичинен **69.3 млн доллары** жеңилдетилген насыя, **10.7 млн доллары** грант түрүндө келген. Насыя **24 жылга,** үстөк пайызы 1% менен берилген.

> Байгончоковдун маалыматына ылайык, каражат «Кепилдик фондуна» түшөөрүн, андан кийин **чакан** жана **орто бизнести өнүктүрүүгө** насыялар берилерин айтты.