> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги көңүл ачуучу жайларга киргизилген убакыт чектөөлөрү кайра алынып салынды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/21/bishkektegi-k-l-achuuchu-zhajlarga-kirgizilgen-ubakyt-chekt-l-r-kajra-alynyp-salyndy/
- Published: 2021-06-21T20:01:54.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:28:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектеги көңүл ачуучу мекемелердин иштөөсүнө байланышкан убакыт чектөөлөр кайра алынып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Эми түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке-барлар, анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунда жайгашкан эс алуучу жайларга түнкү **саат 23:00дөн таңкы 7: 00гө чейин** иштөөгө уруксат берилди.

> Ошол эле учурда, мекемелердин жетекчилери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн өздөрү жоопкерчилик тартышат (аралыкты сактоо, кызматкерлердин беткап кийиши, дезинфекциялоочу заттардын болушу, залдардын 50%га толушу ж.б.у.с). Эгерде белгиленген ченемдер жана эрежелер бузулса, анда ишкана мыйзам чегинде жооп берерин муниципалитеттен билдиришти.

Эскерте кетсек, 4 күн мурда эле Бишкекте эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу көңүл ачуучу жайлардын иштөө убактысын саат 23:00гө чейин чектөө [чечими кабыл алынып](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/17/epidemiyalyk-abaldyn-nacharlashyna-bajlanyshtuu-kafe-restorandar-23-00g-chejin-gana-ishtejt/), ал 17-июнда күчүнө кирген болчу.