> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# COVID-19 илдети эң көп Бишкек шаарында катталууда – кырдаал начар
- URL: https://im.kg/all/2021/06/21/covid-19-ildeti-e-k-p-bishkek-shaarynda-kattaldy-kyrdaal-nachar/
- Published: 2021-06-21T12:11:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, бүгүн Бишкек шаарында 353 оору катталды. Өлкө боюнча жалпысынан бир сутка ичинде 585 учур катталган.**

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (жугуштуулугу) Rt 1,4 түздү. Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 360 адам болсо, каза болгондордун 6 жаңы учуру катталганын штабдын маалымат кызматы билдирет.

Стационарда дарыланууда – 2403 бейтап жатат. Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

> Республикалык штаб эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап жатышына байланыштуу жарандарды адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди тыкыр сактоону өтүнөт.