> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуш материалдардын баасы былтыркыдан 10.5%га көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/21/kurulush-materialdardyn-baasy-byltyrkydan-10-5-ga-k-t-r-ld/
- Published: 2021-06-21T15:47:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өткөн жылдын май айына салыштырмалуу турак жай материалдарынын баасы 10.5%га жогорулады**. **Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.** 

Үстүбүздөгү жылдын май айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азык-түлүккө тиешеси жок товарлардын баалары жалпы республика боюнча **4.2%га** жогорулады. 

> Турак жайларды күтүү жана оңдоо материалдары болсо, ушул мезгил аралыгында **10.5%га кымбаттаган**. Атап айтсак, кирпич – 17%га, кесилген жыгач материалдар – 15.6%га, шифер – 15.2%га, цемент – 10.4%га көтөрүлгөнүн Улутстатком билдирди.

Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашкан. Баалардын эң жогорку деңгээли (1000 даанасы – 10 000 сом) Нарын жана Талас облустарында байкалган. Кесилген жыгач материалдары Баткен (19 313 сом – куб.м.) жана Жалал-Абад (18 135.2 сом – куб.м.) облустарында олуттуу кымбаттаганы катталган.