> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдан товарларды алып келүү тездейт – Кытай бийлиги КРга чек арада текшерүүнүн тездетилген механизмин сунуш кылды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/21/kytajdan-tovarlardy-alyp-kel-tezdejt-kytaj-bijligi-krga-chek-arada-teksher-n-n-tezdetilgen-mehanizmin-sunush-kyldy/
- Published: 2021-06-21T09:16:20.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:38:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай кыргыз бийлигине кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүнүн эпидемиологиялык көзөмөлдү эске алуу менен, тездетилген механизмин кабыл алууну сунуштады.**

Бул механизм 18-июнда эки мамлекеттин эксперттери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан талкууланганын КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүктөрдү текшерүүнүн жаңы механизми жүктөрдү жана жүк ташуучу унааларды **«Торугарт»** жана **«Иркештам»** өткөрүү пунктары аркылуу тездетип өткөрүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт. Бирок Экономика министрлиги азырынча бул механизм жөнүндө конкреттүү маалымат бере элек.

> Кыргыз тарап Кытай бийлигинин сунушун сын-пикирлерди эске алуу менен колдоп, аны **ишке ашыруу боюнча сунуштарын** киргизгенин Экономика министрлиги билдирди.