> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторуна эми жүргүнчүлөр гана кире алат – убактылуу чектөөлөр киргизилди
- URL: https://im.kg/all/2021/06/21/manas-osh-zhana-ysyk-k-l-aeroporttoruna-emi-zh-rg-nch-l-r-gana-kire-alat-ubaktyluu-chekt-l-r-kirgizildi/
- Published: 2021-06-21T20:15:50.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:53:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирет.**

Узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди. 

> «Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 24 июнунан тартып «Манас», «Ош» жана «Исык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн кирүүгө убактылуу чектөө киргизет», – деп маалымдайт «МЭА» ААК.

Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.