> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк электр» ишканасы дагы бир майнинг чарбасын жапты
- URL: https://im.kg/all/2021/06/22/t-nd-k-elektr-ishkanasy-dagy-bir-majning-charbasyn-zhapty/
- Published: 2021-06-22T14:29:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүк электр» ААКсы Чүй облусундагы дагы бир мыйзамсыз майнинг чарбасын жапты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.**

«Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери Ысык-Ата районунда, Жер-Казар айылынын таш майдалагыч аймагында «ЖИ Ибраимов А.М.» өндүрүштүк абонентине катталган майнинг чарбасын аныкташты. Абонент кубаттуулугу 1000 кВА трансформатордук көмөкчордондон майнинг үчүн электр энергиясын мыйзамсыз колдонуп жүргөн.

> Ишкананын берген маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн объектке электр энергиясын берүү токтотулду жана ал токту мыйзамсыз сарптагандыгы үчүн абоненттен эсеп алынат. Бардык материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

«Түндүк электр» суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле күтүлүп жаткан электр энергиясынын жетишсиздигинен улам, электр энергиясын керектөө чектерин сактоо максатында, өкмөт жана «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКсы майнинг иштерине техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салат.

Компания жарандардан иштеп жаткан майнинг чарбаларын аныктоого көмөктөшүүнү жана эгер мындай ишкана тууралуу билип калышса, **1209** номерине ишеним телефону аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.