> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жакында жоюлат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/23/ukmknyn-korrupciyaga-karshy-kyzmaty-zhakynda-zhojulat/
- Published: 2021-06-23T15:50:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келүү менен аны жоюу чечимине келгенбиз. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.** 

> «Бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразычылыктары күчөөдө. Бул бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт. Ушундан улам каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алып, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келүү менен аны жоюу чечимине келгенбиз. Бул кадам бизнести колдооого чечкиндүү кадамдардын бири болду», – деп билдирди өлкө башчы.

 Анын айтымында, Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөп жаткандыктан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу да фактылар жок эмес.

> «Антикоррупциялык кызмат жоюлат – жарлык даярдалууда», – деди президент.