> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Россиядан бензинди жана дизелди салыксыз жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү суранды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/24/kr-rossiyadan-benzindi-zhana-dizeldi-salyksyz-zhetkir-n-n-k-l-m-n-k-b-jt-n-surandy/
- Published: 2021-06-24T16:08:43.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:00:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Нефтетрейдерлердин өтүнүчү боюнча, Кыргызстан Россия тарап менен биргеликте 2021-жылга карата индикативдик баланска түзөтүү киргизип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда маалымат жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин башчысы Талант Маматеминов билдирди.**

> Маматеминовдун айтымында, автомобилдик бензинди өкмөттүн салыгысыз (пошлина) жеткирүүнүн көлөмүн 70 миң тоннага, дизелдик отунду 65 миң тоннага көбөйтүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылга карата индикативдик баланска ылайык, мунайдын пошлинасыз жеткирилишинин көлөмү 50 миң тонна, бензин – 460 миң тонна, дизель – 485 миң тонна, авиакеросин – 100 миң тонна болот.

Ошол эле учурда, беш айдын ичинде Кыргызстанга 336 миң тонна бензин, 221 миң тонна дизелдик жана реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн 24 миң тонна күйүүчү май импорттолгон.