> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмеси кыскарышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2021/06/24/kyrgyzstanda-knsten-boshotulgan-dary-darmekterdin-tizmesi-kyskaryshy-m-mk-n/
- Published: 2021-06-24T10:07:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда дээрлик бардык дары-дармектер жана айрым медициналык буюмдар импортто КНСтен бошотулган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тизмени кыскартууну сунуштоодо. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн[ сайтында](https://www.gov.kg/ky/npa/s/3155) жарыяланды.**

Бул тизмеге 432 аталыштагы дары-дармектер жана 59 медициналык буюмдар киргизилген.

> Бирок, жеңилдетилген салыкка карабастан, дары-дармектердин баасы жогору бойдон калып келет, ал тургай, кымбаттоо тенденциясына жакын. Ведомстводон билдиргендей, 2020-жылы КРнын аймагына алып келүү жана импорттоодо КНСтен бошотуу көлөмү **2 млрд 678 млн сомду** түзгөн.