> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жашылча-жемиштер бир айда 16%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/06/24/kyrgyzstanda-zhashylcha-zhemishter-bir-ajda-16-ga-kymbattady/
- Published: 2021-06-24T14:17:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жашылча-жемиштер бир айдын ичинде 16%га кымбаттады. Бул тууралуу Улутстатком маалымдайт.**

Июнь айында май айына салыштырмалуу жашылчалардын баасы 20%га, мөмө-жемиштердин баасы 6%га жогорулады. Эң жогорку баа сабизге (дээрлик 2 эсе), картошкага (36%), өрүккө (2 эсе) жана алмага (15%) туура келген.

> Сабиздин баасынын эң көп көтөрүлүшү Баткенде (кг 77.4 сом) жана Нарында (75.5 сом) жана Бишкек шаарында (75.1 сом) байкалган.

Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда орто эсеп менен сабиз 44.1 сомго кымбаттады.