> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет
- URL: https://im.kg/all/2021/06/24/ok-f-ishkerlerge-karzhyloo-aluu-ch-n-dokumentterdi-dayardoogo-zhardam-beret/
- Published: 2021-06-24T13:44:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) ишкерлерге бизнес-долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого жана инвестициялык долбоорлорго потенциалдуу каржылоо алууга жардам берет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.**

РФнын колдоосу менен каржыланган ПРООНдун «КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо потенциалын күчөтүү» долбоорунун алкагында приоритеттүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү иштери улантылууда.

Долбоорду тандоонун минималдуу критерийлерине жооп берген жана алдын-ала тандоодон өткөн долбоорлор техникалык колдоого кайрыла алышат.

##### Приоритеттүү бизнес-долбоорлор:

- Жашыл долбоорлор (климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу)
- Аялдарга / жаштарга / аймактык ишкердүүлүккө оң таасирин тийгизген көптөгөн жумушчу орундарын түзүүчү долбоорлор
- Өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого багытталган долбоорлор
- Импортту алмаштырууга багытталган долбоорлор
- Инновациялык технологияларды колдонуу менен өндүрүш иштетүү
- Социалдык-экономикалык натыйжа берген долбоорлор.

> Техникалык колдоого кайрылуу үчүн, толтурулган анкетаны электрондук форматта [projectpreparations@gmail.com](mailto:projectpreparations@gmail.com) почтасына 2021-жылдын 9-июлда саат 24:00гө чейин жөнөтүү керек.

Тандоо критерийлерин кароо үчүн жана анкетанын формасын алууга [бул шилтеме ](https://drive.google.com/drive/folders/1dmqcpJkguHbF9B95yWuHyp4qCotVY51C)аркылуу кире аласыз. 

- Бардык суроолор боюнча [projectpreparations@gmail.com](mailto:projectpreparations@gmail.com) почтасына же 0778 13 58 87 номерине кайрылсаңыз болот (чалуулар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 15:00дөн 17:30га чейин кабыл алынат).