> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «КамАЗ» Кыргызстанда автобус чыгарууга  кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2021/06/25/kamaz-kyrgyzstanda-avtobus-chygaruuga-kyzykdar/
- Published: 2021-06-25T10:26:38.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«КамАЗ» компаниясы Кыргызстанда автобустарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн изилдейт. Тиешелүү документке Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, «Шыдыр Жол Кей Жи» ААКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчи жана «КамАЗ» ишканасынын башкы директору Сергей Когогин кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

> Келишимге ылайык, тараптар Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн газ автобустарын жана электр автобустарын чыгаруунун жол-жобосун изилдөө жаатында кызматташат.

Май айында «КамАЗ» ишканасынын делегациясы Кыргызстанга келип, жергиликтүү машина куруу ишканаларынын иши менен таанышкан. Ошол кезде орусиялык компания ушул багытта иштеген ишканалар менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришкен болчу.