> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кылмыштуулук былтыркыдан 31%га көбөйдү – башкы прокуратура
- URL: https://im.kg/all/2021/06/25/kylmyshtuuluk-byltyrkydan-31-ga-k-b-jd-bashky-prokuratura/
- Published: 2021-06-25T09:58:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-апрелинде республиканын аймагында 17.5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-апрелине салыштырганда 31%га көп. Бул тууралуу Улутстатком маалымдады.** 

> Кылмыштардын жалпы санын алганда, анын 2 миңден ашыгы же 11%ы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 42%га, анын ичинде алдамчылык – 1.7 эсеге, уурдоо – 30%га, тоноо – 10%га өскөн.

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 60%га жакыны) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. Бирок өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кылмыштардын санынын эң көп өсүшү Ысык-Көл облусунда (2.6 эсеге), Ош шаарында жана Нарын облусунда (1.5 эсеге) байкалган.