> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз бийлиги Япониядан 1.1 млн доза коронавируска каршы вакцина сурады
- URL: https://im.kg/all/2021/06/25/kyrgyz-bijligi-yaponiyadan-1-1-mln-doza-koronaviruska-karshy-vakcina-surady/
- Published: 2021-06-25T15:46:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова Япониянын КРгы элчисинен Япония өкмөтүнүн Кыргызстанга 1.1 млн доза коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көмөктөшүүнү суранды. Бакашова мындай өтүнүчүн бүгүн, 25-июнда Япониянын элчиси Сигеки Маэда менен болгон жолугушуусунда айтты.**

> Ал белгилегендей, вакциналарды сактоо үчүн вакциналардан тышкары жетиштүү деңгээлде муздатуучу шаймандар керек. «Мен Япония тараптын ушул оор мезгилде колдо көрсөтүп, калкты вакцинациялоонун зарыл чендерин камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп ишенем», – деди Бакашова.

Япониянын элчиси министрлер кабинетинин өтүнүчүнө түз жооп берген жок. Ал калкты вакцинациялоонун жана керектүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанилүүлүгүн гана белгилеп өттү.