> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер Кабинети COVID-19 боюнча чектөөлөрдү киргизбейт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/25/ministrler-kabineti-covid-19-bojuncha-chekt-l-rd-kirgizbejt/
- Published: 2021-06-25T09:43:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинети бардык массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу кечээ Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.** 

Андан тышкары, COVID-19 пандемиясы шартында ар бир жаран өз жакындарынын өмүрү жана ден-соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билиши керек, бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө анын салымы экендигин Министрлер Кабинетинин төрагасы баса белгиледи. 

> «Урматтуу жарандар, бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети баардык массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Ошону менен бирге, ар бирибиз жакындарыбыздын өмүрү жана ден-соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө биздин салымыбыз болот. 2020-жылдагы “кара июль” кандай болгондугун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин ден-соолугу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектеңиз», – деп Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды.