> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Roche Diagnostics компаниясы КРнын  лабораторияларына инвестиция салууга даяр
- URL: https://im.kg/all/2021/06/25/roche-diagnostics-kompaniyasy-krnyn-laboratoriyalaryna-investiciya-saluuga-dayar/
- Published: 2021-06-25T16:27:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Roche Diagnostics компаниясы Кыргызстандын лабораториялык инфраструктурасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу 23-июнда Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) жана Roche Diagnostics компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ аймактары боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болгонун ЭИКтин маалымат кызматы билдирди.**

In vitro диагностика жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болгон компаниянын Орто Азия жана Кавказ боюнча регионалдык директору Хасан Демирчи баштаган делегация Кыргызстанга келип, мамлекеттик органдар жана ишкерлер менен байланыш түзүп жатканын уюмдан кабарлашты.

> Компания Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого көмөктөшүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын материалдык базасын чыңдоо менен лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошууга, онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоо боюнча пилоттук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүгө даяр. 

ЭИКтен кабарлагандай, 24-июнда компаниянын делегациясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

**Roche Diagnostics** – Швейцариянын Hoffmann-La Roche фармацевтикалык корпорациясынын бөлүмү. Ал илимий-изилдөө жана медициналык диагностика үчүн диагностикалык жабдууларды жана реагенттерди чыгарат.