> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ысык-Көл» аэропорту Оштон алгачкы каттамды тосуп алды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/25/ysyk-k-l-aeroportu-oshton-algachky-kattamdy-tosup-aldy/
- Published: 2021-06-25T15:03:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 25-июнда бул жылда Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.**

«Тез Джет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош – Тамчы багытында 105 жүргүнчүнү, анын ичинде 12 баланы алып келди. Ал эми Тамчы – Ош багыты боюнча 88 жүргүнчү, анын ичинде 13 бала учуп кетишти. 

Туруктуу каттам жумасына 3 жолу – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.