> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек жумуртканын баасы боюнча ЕАЭБдин башка борборлорун кууп жетти
- URL: https://im.kg/all/2021/06/28/bishkek-zhumurtkanyn-baasy-bojuncha-eaebdin-borborlorun-kuup-zhetti/
- Published: 2021-06-28T10:31:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук статистикалык комитет ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорундагы социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн чекене бааларын салыштырды.**

Берилген маалыматка ылайык, май айында эң керектүү товарлардын орточо максималдуу баалары (жумуртканын баасын кошпогондо) Москвада катталган.

> 2021-жылдын майында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен жумурткага болгон максималдуу орточо чекене баа (он даанасы 1.25 доллар) Бишкек шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (он даанасы 1.05 доллар) Минск шаарында белгиленген.

**2021-жылдын майында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарына максималдуу жана минималдуу орточо баалар** 

*(килограмм үчүн АКШ доллары)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/06/statkom.png)