> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ипотекалык компания акцияларды чыгаруу аркылуу 15 млн сом тапты
- URL: https://im.kg/all/2021/06/28/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniya-akciyalardy-chygaruu-arkyluu-15-mln-karazhat-tartty/
- Published: 2021-06-28T16:51:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Мамлекеттик ипотекалык компания» 8-чыгарылыштагы акцияларды жайгаштыруу аркылуу 14.8 млн сом тапты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалымат кызматы билдирди.**

Акцияны жайгаштыруу баасы **100 миң сомду** түздү. Бул келишим өткөн жумада (21-июндан 25-июнга чейин) соода-сатыктын жалпы көлөмүнүн эң чоңу болуп калды. Ал сооданын 55%ын алды.

Жалпысынан, өткөн аптада КФБ корпоративдик сектордогу 11 компаниянын баалуу кагаздары менен 26.9 млн сом суммасындагы 50 келишимди каттаган.