> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматынын электрондук кызматын 7 млн адам колдонду
- URL: https://im.kg/all/2021/06/28/salyk-kyzmatynyn-elektronduk-kyzmatyn-7-mln-adam-koldondu/
- Published: 2021-06-28T16:08:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери Салык кызматынын электрондук сервистерин колдонуучуларынын саны 7 млн адамга жетти. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.** 

2020-жылы сайттын кызматын – дээрлик 11 млн жолу, 2019-жылы – 8 млн жолу пайдаланышкан. 2018-жылы сайтка 6 млн пайдалануучу кирген. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге көп.

Учурда [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтында мурдагы жылдардагыдай эле электрондук кызматтар, ошондой эле отчеттордун формасы, салык төлөөчүнүн кабинети, электрондук эсеп-фактуралар, билим базасы ушул сыяктуу жана башка кызматтар иштеп жатат.

Салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды кеңейтүүнүн эсебинен МСКнын сайтын пайдалануучулардын саны жыл сайын өсүүдө деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.