> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УБнын башчысы Абу-Даби Ислам Банкынын өкүлдөрү менен жолугушту – жаңы банк ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды
- URL: https://im.kg/all/2021/06/28/ubnyn-bashchysy-abu-dabi-islam-bankynyn-k-ld-r-menen-zholugushtu-zha-y-bank-achuu-m-mk-nch-l-g-talkuulandy/
- Published: 2021-06-28T14:25:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:49:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Абу-Даби Ислам Банкынын (ADIB) глобалдык эл аралык ишкерлер тобунун башчысы Абдулла Зайд Аль Шеххи жана ADIB эл аралык бизнес компаниясынын финансылык директору Майкл Мюррей менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда регулятордун басма сөз кызматы билдирди.**

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ислам банкингинин КРда ишин мындан ары өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин жана каржылоонун исламдык принциптеринде иштеген толук кандуу банкты түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын Улуттук Банктын маалымат кызматы кабарлады.

**Абу-Даби Ислам банкы** (Abu Dhabi Islamic Bank) – 1997-жылы БАЭнин Абу-Даби Эмиратындагы биринчи ислам банкы катары катталган. Учурда ADIB Улуу Британияда, Сауд Аравияда, Египетте ийгиликтүү иштеп жатат жана эл аралык рейтинг агенттиктери тарабынан жогору бааланып келет.