> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕРӨБдүн аймактык директору алмашты
- URL: https://im.kg/all/2021/06/29/er-bd-n-ajmaktyk-direktoru-almashty/
- Published: 2021-06-29T09:18:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айтен Рустамова Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) КРгы, Тажикстан жана Түркмөнстандагы аймактык директору болуп дайындалды. Ал КРнын баш калаасы Бишкек шаарында 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта кызматына киришет. Бул тууралуу ЕРӨБдүн маалымат кызматы билдирди.** 

> Рустамова айым: «Акыркы 4 жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азияда калганыма абдан кубанычтамын. Мен иштейм деп турган өлкөлөрдө ЕРӨБдүн билимине жана ресурстарына болгон муктаждык Covid-19 пандемиясынан кийин бир топ жогорулады. Мен бардык өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, бул экономикалардын бардыгын туруктуураак кылууга жардам бере турган жашыл, инклюзивдик, санариптик жана жашоону өзгөрткөн долбоорлорду колдоого алам», – деди.

ЕРӨБдүн КРгы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы аймактык директору катары Рустамова Нил МакКейндин ордуна келет. МакКейн мырза банктын Лондондогу башкы кеңсесине башка кызматка кайтып барат.