> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда эмдөөдөн өткөн жарандарга электрондук күбөлүк берүү кызматы ишке кирди – COVID-19
- URL: https://im.kg/all/2021/06/29/krda-vakcinaciya-tuuraluu-elektronduk-sertifikat-ber-ch-servis-ishke-kirdi-covid-19/
- Published: 2021-06-29T11:14:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:05:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга электрондук күбөлүк берүү кызматы иштей баштады. Аларды эми үйдөн чыкпай туруп эле алса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Электрондук сертификатта COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталып, документтин ээси тууралуу толук маалымат алуу үчүн QR-код камтылган.

Кызмат [tunduk.kg](https://esia.tunduk.kg/Identity/User/Login?ReturnUrl=%2Fconnect%2Fauthorize%2Fcallback%3Fstate%3D317ad50a1c3982fef9fc7a56ead0379e%26scope%3Dopenid%2520profile%2520email%2520phone%26response%5Ftype%3Dcode%26approval%5Fprompt%3Dauto%26redirect%5Furi%3Dhttps%253A%252F%252Fportal.tunduk.kg%252Fauth%252Fcallback%26client%5Fid%3Dstate-portal) мамлекеттик электрондук кызматтар порталында иштелип чыкты. Кызматтарды порталдан алуу үчүн, авторизациядан өтүү керек. Ага Калкты тейлөө кызматынан акысыз берилчү электрондук кол тамга же 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картадагы маалыматтар талап кылынат.

**Сертификатты алуу үчүн:**

- [tunduk.kg](https://esia.tunduk.kg/Identity/User/Login?ReturnUrl=%2Fconnect%2Fauthorize%2Fcallback%3Fstate%3D317ad50a1c3982fef9fc7a56ead0379e%26scope%3Dopenid%2520profile%2520email%2520phone%26response%5Ftype%3Dcode%26approval%5Fprompt%3Dauto%26redirect%5Furi%3Dhttps%253A%252F%252Fportal.tunduk.kg%252Fauth%252Fcallback%26client%5Fid%3Dstate-portal) порталына кирип каттоодон өтүү керек
- порталдан «саламаттык сактоо» деген бөлүмүнөн «COVID-19га каршы эмделгендиги тууралуу сертификат берүүнү» тандоо зарыл
- «Арыз тапшыруу» баскычын басуу керек
- Документ автоматтык түрдө экранда пайда болот дагы, колдонуучу аны pdf форматтагы документ катары басып чыгарып алса болот
- Алынган сертификаттын аныктыгын текшерүү үчүн сертификат QR коду менен жабдылган.