> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөрдүн жергиликтүү камсыздоочулар менен түзгөн бардык келишимдери күчүндө калат
- URL: https://im.kg/all/2021/06/29/kumt-rd-n-zhergilikt-kamsyzdoochular-menen-t-zg-n-bardyk-kelishimderi-k-ch-nd-kalat/
- Published: 2021-06-29T15:02:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:02:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийин, Кумтөр өз ишин кадимки режимде улантууда, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын бардык келишимдери жана макулдашуулары күчүндө кала берет жана жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу тышкы менеджер Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын жергиликтүү жеткирүүчүлөрү менен болгон жолугушууда билдиргенин компаниянын маалымат кызматы билдирди.**

> Тенгиз Бөлтүрүк өз сөзүндө Кумтөрдүн бөдрөтчүлөрүн таанышуу жана учурдагы кызматташтыкты талкуулоо, ошондой эле болочоктогу пландар менен бөлүшүү үчүн чакырганын белгиледи. «Ал эми,учурда «КГКнын» көпчүлүк мурдагы иш мамилелери кайра каралып жатат, анын ичинде компаниянын камсыздоо маселелери да бар. Өзгөчө басым коопсуздук техникасынын сакталышына жана коррупцияга каршы ченемдердин аткарылышына жасалат», – деди ал.

Ошондой эле Бөлтүрүк Кумтөрдүн жеткирип берүүчүлөрүнө көп жылдык кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун натыйжасында, жергиликтүү товар жеткирип берүүчүлөр жана кызмат сунуштоочулордун өкүлдөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог болду. 

«КГКнын» кызматкерлери бөдрөтчү уюмдардын ишин баалаган көрсөткүчтөрдүн статистикасын көрсөтүп, жеткирип берүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти жана жабдуучулардын башка маанилүү маселелерин талкуулашты.