> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан кум шекерге, өсүмдүк майына КНСтин ставкаларын нөлгө түшүрдү
- URL: https://im.kg/all/2021/06/29/kyrgyzstan-kum-shekerge-s-md-k-majyna-knstin-stavkalaryn-n-lg-t-sh-rd/
- Published: 2021-06-29T16:13:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу бир катар товарларга КНСтин ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленет. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.**

Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Мындай ставка төмөнкү товарларга карата колдонулат:

- 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден КРга импорттолуучу кант-кумшекер (ЕАЭБ ТСИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майы (1512)
- 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген айыл-чарба жаныбарлары (жылкылар (код 0101), бодо мал (0102), чочко (0103), кой-эчки (0104)), үй канаттуулары (0105)

Токтом 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.