> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулады
- URL: https://im.kg/all/2021/06/29/sadyr-zhaparov-emomali-rahmon-menen-chek-ara-maselesin-talkuulady/
- Published: 2021-06-29T15:17:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.**

Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

> «Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз», – деп билдирди ал.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

> Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

> КРнын президентинин маалымат кызматы Эмомали Рахмондун чек ара тууралуу пикири жөнүндө азырынча эч кандай кабар бере элек.