> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүкэлектр» 7 миң үй-бүлөнү электр энергияга карызы үчүн өчүрөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/29/t-nd-kelektr-7-mi-j-b-l-n-elektr-energiyaga-karyzy-ch-n-ch-r-t/
- Published: 2021-06-29T16:30:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүкэлектр» ААК 29-июндан баштап Бишкектеги 6.8 миңден ашуун абоненттеринин электр энергиясын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.** 

> Ишкананын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы **3 млн сомго** жеткен. 

Компания <https://se.kg> сайтында абоненттердин балансын билүү бөлүмү бар экендигин эске салат. Ошондой эле, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген «Түндүкэлектр» 1209 чалуу борборуна чалып же 0551 00 12 09 номерине WhatsApp аркылуу билдирүү жазып, билип алса болот. 

Абоненттер эсептерин Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, андан тышкары, «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук кошелектору, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассалары же «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөсө болот.