> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Future Policy Award 2021 алтын сыйлыгына ээ болду
- URL: https://im.kg/all/2021/06/30/kyrgyzstan-future-policy-award-2021-altyn-syjlygyna-ee-boldu/
- Published: 2021-06-30T16:49:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Химиялык заттарды жана таштандыларды коопсуз башкаруу жаатындагы баш мыйзам актылары Future Policy Award 2021 сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.**

Аталган сыйлык көпчүлүк учурда мыкты саясаттын «Оскары» деп аталат жана ал химиялык заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруучу кыйла натыйжалуу саясий чечимдер үчүн берилет.

> 36 мамлекеттен көрсөтүлгөн 55 саясий чечимдердин ичиненалтынга татыктуу деп **эки өлкө** тандалды. 

**1-Кыргызстан.** КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы №43 «Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому.

**2-Швеция**, **Стокгольм**. Курчап турган чөйрө жана адамдардын ден-соолугу үчүн коркунучтуу химикаттардын этап-этабы менен тизмеси (2012-2016-ж.ж., 2017-2021-ж.ж. кайра каралган).

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Future Policy Award 2021 конкурсунун жеңүүчүлөрү жогорку деңгээлдеги виртуалдык сыйлык тапшыруу аземинде, андан соң, 8-июльда Берлинде «Химиялык заттар жана туруктуу өнүгүү» форумунда сыйланат.