> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ сүт сектору багытында иштеген фермерлерге тренинг өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/06/30/ok-f-s-t-sektoru-bagytynda-ishtegen-fermerlerge-trening-t-t/
- Published: 2021-06-30T12:36:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүү» долбоору Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте Чүй облусунун Жайыл жана Ысык-Ата райондорунда жайгашкан сүт багытындагы иштеген фермердик чарбалар үчүн тренингдерди өтөт. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.** 

Тренинг сүт өндүрүшүнүн кластердик өнүгүүсү үчүн ОКӨФдүн насыялык продуктусун жайылтуунун алкагында жүргүзүлөт. Тренингдин жүрүшүндө фермерлер сүт тармагындагы дыйканчылыктын негизги аспектилери жөнүндө билим алышат, ошондой эле **ОКӨФ тарабынан каржылоо мүмкүнчүлүктөрү** жөнүндө маалымат алышат. Бул долбоор РФнын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Тренингге катышуу үчүн, **2021-жылдын 28-июлунда саат 18: 00гө** чейин төмөнкү [**шилтеме**](https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfL2wVdzCfB4466ue3BzXcJaZFpGDWBErC4rQXsuKnwT7ipbA/viewform) аркылуу анкета толтуруп, жөнөтүш керек.

Суроолоруңуз болсо, [office@rkdf.org](mailto:office@rkdf.org) почтасына жазыңыз, каттын темасын «Тренинг» деп атап жиберүү зарыл.