> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Рияда компаниялар тобу КРда дары-дармектерди маркалоо системасын түзүүгө инвестиция салууга даяр
- URL: https://im.kg/all/2021/06/30/riyada-kompaniyalar-tobu-krda-dary-darmekterdi-markaloo-sistemasyn-t-z-g-investiciya-saluuga-dayar/
- Published: 2021-06-30T11:36:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:15:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Рияда компаниялар тобу (Бахрейн) КРда дары-дармектерди маркалоо системасын түзүүгө инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу 29-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова менен жолугушууда, аталган топтун өкүлү Лео Джакометто билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.**

Мындан тышкары, алар Ысык-Көлдүн жээгиндеги санаторийлерди жана эс алуу үйлөрүн пациенттердин ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн, анын ичинде коронавируска чалдыккандан кийин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен **медициналык туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар** экенин билдиришти.

Рияда компаниялар тобу (Бахрейн Падышалыгы) Араб Булуңунун базарында 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Компаниянын негизги акционерлери болуп – Аль-Халифа падышалык үй-бүлө мүчөлөрү саналат. Бул топко бизнес чөйрөсүнүн ар кандай тармактарындагы 20дан ашык компаниялар кирет.