> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Турцияга аба каттамдары көбөйүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/06/30/turciyaga-aba-kattamdary-k-b-j-d/
- Published: 2021-06-30T12:02:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Түркияга болгон аба каттамдардын саны көбөйгөндүгүн кабарлады.**

«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 2-июлунан баштап Стамбул – Бишкек – Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.

«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 6-июлунан баштап Анталия – Бишкек – Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы (дш., шш., шр., бш., иш күндөрү).

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы 2021-жылдын 1-июлунан баштап Стамбул – Бишкек – Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.