> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КФБ «Керемет Банк» менен «ФинансКредитБанктын» акцияларын төмөнкү категорияга киргизди
- URL: https://im.kg/all/2021/07/01/kfb-keremet-bank-menen-finanskreditbanktyn-akciyalaryn-t-m-nk-kategoriyaga-kirgizdi/
- Published: 2021-07-01T15:37:02.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:01:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**29-июнда Кыргыз Фондулук Биржасы (KSE) «Керемет Банк» ААК жана «ФинансКредитБанк» ААКнын жөнөкөй акцияларын «B» категориясынан «С» категориясына өткөрдү. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.**

> Баалуу кагаздарды төмөнкү категорияга которуу жөнүндө чечим, банктар кирешелүүлүк боюнча талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгын КФБдан билдирди.

Биржалык маалыматтарды берүү борборунун билдирүүсү боюнча, I кварталда эки каржы институту тең чыгашалуу болгон. «Керемет Банктын» таза чыгымы – **25.8 млн сом** болсо, «ФинансКредитБанктыкы» – **9.3 млн сомду** түзгөн.