> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкабинет «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады
- URL: https://im.kg/all/2021/07/01/minkabinet-batken-oblusuna-zg-ch-makam-ber-zh-n-nd-myjzam-dolboorun-karady/
- Published: 2021-07-01T10:57:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.**

Кеңешменин журүшүндө башка маселелер менен катар «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

> «Мыйзамдын негизги милдети – жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, жана инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашоого тийиш», – деди Улукбек Марипов.

Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык Кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

> «Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип чыккан, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилген, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген», – деп белгиледи Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Ал кошумчалагандай, регионго өзгөчө статус берилгенден кийин, товарларды мамлекеттик **сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилет** жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө **жеңилдиктер** сунушталат.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында, облуска төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

- атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.