> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл Жалал-Абаддыктарды күтөт – аба каттам ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2021/07/01/ysyk-k-l-zhalal-abaddyktardy-k-t-t-aba-kattam-ishke-kirdi/
- Published: 2021-07-01T16:27:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан аба каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.**

«Тез Джет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Жалал-Абад – Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келди. Ал эми Тамчы-Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетишти.

> «Жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуу жана жайлуу экендигин белгилешти. Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо», – деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.